• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кызыл Жарым Ай коому Баткендеги кооптуу жайлардан чыгарылган жарандарга жардам көрсөтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. Кыргызстандагы Кызыл Жарым Ай коому Баткендеги кооптуу аймактардан чыгарылган жарандарга биринчи керектүү жардамдарды көрсөтүүдө. Бул тууралуу Кызыл Жарым Ай коомунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү бийликтин өтүнүчү менен чек арага жакын айылдардан элди эвакуациялоо үчүн транспортко күйүүчү май бөлүп берилди.

Учурда ыктыярчылар тарабынан убактылуу жайларга жайгаштырылган жарандарды ысык тамак менен камсыздоо үчүн азыктар сатып алынып, нан бышырыла баштады.

Пикир

Оставить комментарий