• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кызыл Жарым ай коому Чүй облусуна өзүнүн тез жардам унаасын берди

Коом 0

Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. Кызыл Жарым ай коому Чүй облусуна өзүнүн тез жардам унаасын берди. Бул тууралуу Кызыл Жарым ай коомунан билдиришти.

Кызыл Жарым ай коому билдиргендей, тез жардам унаасы кычкылтек баллону, пульсоксиметр, тамчылатма дары үчүн штатив, тез жардам көрсөтүү үчүн керектүү шаймандар менен жабдылган.

"Кызыл Жарым ай коомунун айдоочусу тез жардам кызматынын дарыгерлерин коштоп жүрөт жана күйүүчү майга кеткен чыгымды төлөп беребиз", - деп билдиришти Кызыл Жарым ай коомунан.

Пикир

Оставить комментарий