• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кызыл жарым ай коому кайсы топтогу адамдарга жардам көрсөтүлөрүн айтты

Коом 0

Бишкек, 18.04.20. /Кабар/. Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коому калктын аярлуу катмарына жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, билдирмелер жер-жерлерде социалдык кызматкерлер тарабынан чогултууда.

"Төмөндөгү топтор жардам ала алат: жалгыз жашаган карылар, майыптыгы барлар, АИВ же кургак учук менен ооруган бейтаптар, паллиативдик оорулуулар, бир багуучусу гана бар 4+ балалуу үй-бүлөлөр", - деп айтылат маалыматта.

Тандоо критерийлери (ар бир алуучу бардык 4 критерийге жооп бериши керек): Өнөкөт жана/же инфекциялык оорулар менен ооругандар; Мүмкүнчүлүгү чектелгендиктен үйүнөн өз алдынча чыга албагандар; Өтө оор финансылык жагдай (кирешеси айына үй-бүлөгө 5 миң сомду түзсө); Жакынкы айланасындагылар жардам көрсөтө албаса (кошуналар, туугандар, тааныштар).

Пикир

Оставить комментарий