• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Кызыл зонада” иштеген медиктерге июнь айы үчүн 166,4 млн сом бөлүндү

COVID - 19 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда “кызыл зона” аймагында иштеген медиктерге июнь айы үчүн 166,4 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Милдетүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Өскөмбаева брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, “кызыл зонага” жалпы 10 миң 812 медициналык кызматкерлер тартылган.

Алардын ичинде дарыгер, орто, кенже жана башка кызматкерлер бар. "2021-жылдын июнь айында оору күч алган аймактарга тартылган медициналык кызматкерлерге 166 млн 469 миң 44 сом өлчөмүндө компенсация бөлүнгөн”, - дейт ал.

Аймактар боюнча алганда: - Бишкекте дарыгерлерге компенсациялык төлөмдөр үчүн 93 миллион 189 миң сом бөлүнгөн; - Чүй облусу - 22 миллион 609 миң сом; - Ош облусу - 24 миллион 803 миң сом; - Баткен облусу - 4 миллион 43 миң сом; - Жалал-Абад облусу - 8 миллион 112 миң сом; - Ысык-Көл облусу - 8 миллион 291 миң сом; - Нарын облусу - 3 миллион 376 миң сом; - Талас облусу - 2 миллион 43 миң сом.

Пикир

Оставить комментарий