• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

«Кызыл» зонага кирбегиле! Каратаев бейтапты ооруканага алып келгендерге кайрылды. Видео

COVID - 19 0


Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. КР саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев бүгүн өкмөт үйүндө өткөн брифингде ооруп жаткан адамды ооруканага алып келген жарандарга кайрылды.

Анын айтымына караганда, бейтапты коштоп келгендер «кызыл» зонага кирбеши керек, бул алардын ден соолугуна зыян алып келиши мүмкүн.

Каратаев өлкөдө эпидкырдаал курч бойдон калып жаткандыгын эскертип, жарандарды өз алдынча дарыланбоого чакырды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 6-июлга карата коронавирус жуктурган 314 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 7691ди түзөт. Алардын ичинен 2843 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 92 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий