• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кызылча менен сабиздин чекене баалары бир жыл ичинде дээрлик 2 эсеге кымбаттады

Экономика 0

Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. 2021-жылдын майында кызылчанын чекене баалары республика боюнча орточо 1 кг үчүн 60,48 сомду түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул 2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 28,75 сомго же дээрлик 2 эсеге өскөн. Ал эми 1 кг сабиздин баасы, тиешелүүлүгүнө жараша, 1 кг үчүн 40,49 сомду түзгөнүн жана 1,6 пайызга өскөнүн көрсөттү.

Муну менен бирге, кызылчанын бааларынын эң жогорусу Токтогул (бир кг үчүн 100,00 сом), Жалал-Абад (бир кг үчүн 71,61 сом) жана Бишкек (бир кг үчүн 70,95 сом) шаарларында белгиленди, ал эми аларга карата минималдуу баалар Кара-Суу (бир кг үчүн 30,00 сом), Талас (бир кг үчүн 30,94 сом) жана Ош (бир кг үчүн 31,18 сом) шаарларында катталды.

Сабизге карата чекене баалар Бишкек (бир кг үчүн 45,10 сом), Исфана (бир кг үчүн 43,87 сом) жана Токмок (бир кг үчүн 43,18 сом) шаарларында орточо республикалык көрсөткүчтөн ашты, ал эми аларга карата минималдуу баалар Кара-Суу (бир кг үчүн 25,00 сом), Баткен (бир кг үчүн 27,81 сом) жана Ош (бир кг үчүн 30,00 сом) шаарларында байкалды.

Нет описания.

Пикир

Оставить комментарий