• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кызын унаа коюп кеткен аял ооруканага жардам сурап кайрылган эмес - ЖКККББ

Коом 0


Бишкек, 20.02.18. /Тумара Туратбекову – Кабар/. Бишкекте аял жолду туура эмес жерден кесип өтүүгө аракет кылган кезде кызын унаа коюп кеткен, ал ооруканага жардам сурап кайрылган эмес.

Кырсык 19-февралда Ахунбаев – Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон,-деп кабарлашты Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынан.

“Бүгүн эртең менен кыздын ата-энесинин ким экендиги аныкталган. Атасынын айтуусунда, жубайы кызын тиш догдурга алып бараткан. Кырсык болгондон кийин кыз шок абалында болгон жана кайсыл бир жерим ооруп жатат деп арызданган эмес. Ага байланыштуу аял баласын сүзүп кеткен айдоочудан аларды тиш догдурга жеткирип коюну өтүнгөн. Айдоочу андан соң кеткен. Унаанын номерин баланын апасы эстеп калган эмес, ооруканага да кайрылышкан жок”,-деп билдиришти ЖКККББнын басма сөз кызматынан.

Милиция кызматкерлеринин өтүнүүсү боюнча учурда кыз медициналык кароодон өтүүдө. Унааны издөө иштери уланууда.

Эске сала кетсек, мурда интернет түйүндөрүндө видео жарыяланып, аял туура эмес жерден жолду кесип өтүүгө аракет кылгандыгын көрүүгө болот.

Аял жолду туура эмес жерден кесип өтүп жатканда айдоочулар токтошкон, бирок үчүнчү унаанын айдоочусу аларды байкабай калып, кызды коюп кеткен.

Кырсык болгон жерден айдоочу айрым айдоочуларга караганда качып кетпей, тескерисинче дароо жардамга келди,-деп өз ойлорун интернет колдонуучулар жазышууда.

Пикир

Оставить комментарий