• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кызжибек Марипованын үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүлөт

Өкмөт 0

Бишкек, 5-июль /Кабар/. Бир катар массалык маалымат каражаттары жазган Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сарай айыл өкмөтүнүн жашоочусу Кызжибек Мариповага тармактык министрликтер тарабынан жардам берилет. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова аталган үй-бүлөгө медициналык жана социалдык жардам көрсөтүү маселесин жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Саламаттыкты сактоо министрлиги, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кызжибек Мариповага жана анын балдарына зарыл болгон медициналык жана социалдык жардам көрсөтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Эскерте кетсек, Ош облусунун Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнун тургуну, 38 жаштагы Кызжибек Марипова үч эм балдарын дарылатуу үчүн коомчулуктан жардам сураганы туралуу маалымат фейсбук тармагында тараган. Асан, Үсөн жана Фатима деп аталган үч эмдерди апасы жети жылдан бери жалгыз чоңойтуп келет. Туруктуу жашаган үйү жок. Батирден батирге көчүп олтуруп, акыркы эки жылдан бери Кызжибек балдары менен апасынын үйүндө күн кечирип жатат. Ал кош бойлуу кезинде жолдошу таштап кетип, андан бери бир да жолу кабар албаган.

Пикир

Оставить комментарий