• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Лайнерде коронавирус жуктуруп алды деген кыргыз жараны менен элчилик байланышта болууда

Коом 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Японияда кармалып турган Diamond Princess круиздик лайнеринде коронавирусту жуктуруп алды деп шектелип жаткан кыргыз жараны менен КРнын Япониядагы элчилиги тынымсыз байланышта болууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, вирустун жайылышына байланыштуу КРнын күн чыгыш өлкөдөгү элчилиги Япониядагы кыргыз жарандары арасында тиешелүү иш-чараларды өткөрүп жатат.

"Элчиликте ыкчам штаб түзүлгөн. Ал күнү-түнү иштеп, мекендештерге кеңештик-укуктук жана башка жардамдарды көрсөтүүдө. Ошондой эле элчилик 6-февралдан бери Diamond Princess круиздик лайнериндеги кыргызстандык жаран менен байланышта болууда. Андан тышкары, кыргыз элчилиги Япониянын ТИМ жана Саламаттык сактоо министрликтери менен ар дайымкы байланышта болууда", - деп айтылат министрлик тараткан маалыматта.

Япониянын тиешелүү органдары тараткан маалыматка таянсак, кыргызстандык жарандын жанындагы каютада жаткан адамдан коронавирус аныкталган, ал эми кыргыз жараны ошол адам аркылуу илдетти жуктуруп алышы мүмкүн.

"КР жаранынын абалы канааттандырарлык экендиги айтылды. Дене табы көтөрүлгөн эмес. Бейтап ар дайымкы көзөмөлдө болууда. Кыргызстандык жарандын айтуусуна караганда, ал өзүн жакшы сезүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Ведомстводон кошумчалашкандай, кыргыз жарандары аларды мекенине жөнөтүү суранычы менен азырынча элчиликке кайрылышкан эмес.

Эске сала кетсек, буга чейин Японияда кармалып турган Diamond Princess круиздик лайнеринде коронавирус жуктургандардын арасында кыргызстандык жаран бар экендиги тууралуу маалымат чыккан. Маалыматка ылайык, Diamond Princess кемесинде 67 адам COVID-19, коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алганы аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий