• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Лахор шаарында КРнын Пакистандагы элчилигинин колдоосу менен спорттук иш-чара өттү

Спорт 0

Бишкек, 03.03.21. /Кабар/. Ушул жылдын 27-28-февраль күндөрү Пакистандын Лахор шаарында Кыргыз Республикасынын Пакистандагы элчилигинин жигердүү жардамы менен жана КРнын Пакистандагы элчисинин колдоосу астында Пакистан Ислам Республикасынын (ПИР) булуң-бурчунан келген 25 команданын атынан 400гө жакын спортчунун катышуусунда Пакистандын таяк тартыш боюнча 4-биринчилиги болуп өттү. Бул тууралуу КРнын ПИРдеги элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын элчиси өз сөзүндө массалык күрөштүн миң жылдык тарыхын же кыргыз тилинде таяк тартыш - "Манас" эпосунда баяндалганын, ошондой эле иш-чаранын спорт, маданият жана достук фестивалы катары маанилүүлүгүн белгиледи.

Белгилей кетүүчү жагдай, ийгилик менен коштолгон спорттук иш-чара Пакистан коомчулугу жана массалык маалымат каражаттары тарабынан жылуу кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий