• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Латвия Кыргызстанга 2021-2022-окуу жылына карата стипендия бөлдү. Шарттары

Билим 0

Бишкек, 27.01.21. /Кабар/. Латвия менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн билим берүү жана илим жаатындагы кызматташуу боюнча эки тараптуу келишимге ылайык, Латвия тарабынан 2021-2022-окуу жылына карата стипендия бөлүндү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жарандары Латвиянын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн аталган өлкөнүн мамлекеттик стипендиялык программасына катышса болот.

Бул: бакалавриат, магистратура жана докторантура программалары (10-11 ай);

илим изилдөө мекемелеринин же жогорку окуу жайларынын кызматкерлери үчүн илимий же илим изилдөө иштерин жүргүзүү;

студент жана профессордук-окутуучулар курамы үчүн жайкы мектеп.

Окутуу латыш жана англис тилдеринде жүргүзүлөт.

Документтерди жана талапкерлерди кабыл алууну Латвия тарап онлайн система аркылуу жүргүзөт.

Документтер 2021-жылдын 1-февралынан баштап 1-апрелге чейин кабыл алынат.

Стипендиялык программанын шарттары, талаптары жана башка жагдайлары боюнча кеңири маалыматты бул шилтемеден алсаңыз болот.

Пикир

Оставить комментарий