• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Өлбөс полк" онлайн жүрүшүнө катышуу үчүн 7 миңден ашык анкета түшкөн

Жеңишке 75 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматынын Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишине арналган, 2015-жылдан бери иштеп келген электрондук порталына www.pobeda.srs.kg быйыл "Өлбөс полк" функциясы киргизилген.

Эки жума аралыгында www.1945.srs.kg интернет-ресурсу түзүлгөн. Ал ресурс көп сандагы маалыматы камтып, "Өлбөс полк" виртуалдык жүрүшүн бир нече саат бою өткөрө алат.

Аталган системаны Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" ишканасы иштеп чыккан. Онлайн жүрүшкө каттоо башталгандан 10 күндүн ичинде 7 миңден ашык анкета келип түшкөн.

"Көптөгөн анкеталарда согушка катышкандардын сүрөтү жана алардын өмүр баяны жазылган. Бирок виртуалдык жүрүшкө Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагердин сүрөтү жок болгон жарандар да катыша алат. Алар анкетанын ал бөлүгүн толтурбай эле койсо болот", - деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик каттоо кызматынын www.pobeda.srs.kg порталындагы "Өлбөс полк" жүрүшү бир күн ичинде бүтпөйт. Ардагерлердин маалыматы аталган порталда сакталып, жалпыга жеткиликтүү бойдон калат.

Аталган портал иштеп баштагандан бери 11 миң адам "Өлбөс полк" онлайн жүрүшүнө кирген. Алардын 95%ы Кыргызстандын тургуну, 300дөй адам Россиянын, 100дөн ашыгы АКШ, Казакстан, Түркия жана Германиянын тургундары кирген.

Пикир

Оставить комментарий