• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Өлбөс полк” жүрүшү салт боюнча 9-майда өтөт

Коом 0

Бишкек, 06.05.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясында 9-май Жеңиш күнү өтө турган “Өлбөс полк” жүрүшүнө болгон даярдыкты талкуулашты.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, жүрүш 9-май күнү саат 9:00дө Масалиев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде чогулуп баштайт.

Жүрүштү саат 10:00дө Абдрахманов көчөсүнөн башталып, Жеңиш аянтчасы көздөй багыт алат. Жүрүштүн жалпы узундугу 6,6 чакырымды түзөт. Жөө жүрүштүн катышуучулары түшкү саат 12:00дө Жеңиш аянтчасына келишет.

Милиция кызматкерлери болсо коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий