• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Лебедев: Кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар олуттуу тынчсызданууну жаратууда

Саясат 0

Бишкек, 17.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 17-сентябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасы – аткаруучу катчысы Сергей Лебедев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы азыркы кырдаалды талкуулады.

Кыргыз тарап учурдагы абал боюнча актуалдуу маалыматтарды берип, Кыргызстандын деэскалацияга умтулуусун жана кырдаалды саясий жана дипломатиялык жол менен гана жөнгө салуу боюнча өзгөрүүсүз позициясын баса белгиледи.

Өз кезегинде, С.Лебедев кыргыз-тажик чек арасындагы болуп жаткан окуялар олуттуу тынчсызданууну жаратып жатканын белгилеп, ошондой эле бул маселе боюнча КМШнын түзүмдөрү менен консультацияларды өткөрөрүн билдирди.

С.Лебедев Кыргызстандын аскер кызматкерлеринин жана жарандардын курман болгондугуна байланыштуу чын жүрөктөн көңүл айтуу менен бирге, биргелешкен күч-аракет менен жаңжалды тез арада чечүүнүн жолдору табыларына ишеним билдирди.

Пикир

Оставить комментарий