• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чоң Чүй каналына эки адам чөгүп кеткен. Биринин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 07.06.21. /Кабар/. Чоң Чүй каналына эки адам чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алдын ала маалымат боюнча, 6-июнь күнү Аламүдүн районундагы Лебединовка айылынын Гаражный көчөсүндө Чоң Чүй каналына 2 адам чөгүп кеткен.

Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар суудан 1971-жылы туулган Ш.М. аттуу жарандын сөөгүн суудан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Экинчи адамды (аты жөнү такталууда) издөө иштери жүрүп, караңгы киргендигине байланыштуу токтотулду.

Бүгүн, 7-июнда жерине издөө иштерин улантуу үчүн 4 куткаруучу тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий