• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Лебединовкада уурдалган 25 жаштагы кыз аман-эсен табылды

Коом 0

Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. Чүй облусунун Лебединовка айылында уурдалган 25 жаштагы Изят Курбанова аман-эсен табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде бүгүн, 7-майда саат 16:30дар чамасында Курбанова Беш-Күнгөй айылындагы үйлөрдүн биринен аман-эсен табылды.

“Изят Курбанованын турган жерин аныктоо үчүн бир катар ыкчам тергөө иштери жүргүзүлгөн. Видеокөзөмөл камералары каралып, кыз жана жигит менен байланышта болгон бардык жарандар суралган. Ошондой эле Бишкек жана Аламүдүндөгү мейманканалар, жарактан чыккан имараттар талаа жана айдоо аянттары каралып чыккан. Тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлгөндөн кийин кыз ата-энесине өткөрүлүп берилет”, - деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Пикир

Оставить комментарий