• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Легпром» Ассоциациясына убактылуу колдонууга жер тилкеси бөлүнүп берилди

Өкмөт 0

Бишкек, 29-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков «Технополис» долбоорун ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай Ассоциациясы «Легпром» ишканасы юридикалык биримдигине убактылуу колдонууга Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айыл аймагынан жер тилкесин бөлүп берүү тууралуу токтомго кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кете турган болсок, «Технополис» долбоорун ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылга карата «Ишеним жана биримдик» Программасынын Планына кирген.

Токтомго ылайык Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айыл аймагындагы жалпы аянты 40,74 га болгон жер, «Айыл чарба багытындагы жерден» «Технополис» долбоорун ишке ашыруу максатында «Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер» категориясына которулду.

Өкмөттүн токтому мындан ары Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай Ассоциациясы «Легпром» ишканасы юридикалык биримдигине убактылуу колдонууга, кездеме жана тигүү өндүрүш тармагындагы курулуш үчүн ижаралык келишим шартында 49 жылга берүү максатында иштелип чыкты.

Аны менен бирге токтомдо белгиленгендей, жер колдонууда айыл чарба багытындагы чыгымдар Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай Ассоциациясы «Легпром» ишканасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен нормалардын негизинде төлөнүп берилиши керек. Жоготууларды төлөө маселеси технополис курууга жерди берген учурда чечилиши ыктымал.

Аталган токтомду кабыл алууда мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык каражаттар талап кылынбайт.

Пикир

Оставить комментарий