• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Лейлек аймактык ооруканасынын психонаркология бөлүмү оңдолот. Каражат бөлүндү

Аймак 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Лейлек аймактык ооруканасынын Психонаркология бөлүмүнө резервдик фондунан 140 миң сом каражат бөлдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мекемеде оңдоп-түзөө жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо иштери жүргүзүлөт.

Ал үчүн Лейлек райондук мамлекеттик администрациясы, Исфана шаардык мэриясы жана Сүлүктү шаардык мэриясы да материалдык жардам көрсөтүүдө.

Ошондой эле Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Баткен аймактык башкармалыгы жана Лейлек аймактык ооруканасы тарабынан сентябрь айына, оорукананын чатыры алмаштырылып, жылытуу системасын куруу чечими кабыл алынды. Аны менен катар оорукананын кадр маселесин чечүү аракеттери да көрүлүүдө.

Аталган имаратты капиталдык ондоп-түзөөдөн өткөрүү же кайра куруу боюнча атайын комиссия иштеп жатат. Эгер комиссия имараттын абалы капиталдык оңдоп-түзөөгө болот деген чечим берсе, анда оңдоо өткөрүлөт, же болбосо өкмөттүн капиталдык салымдар беренесине киргизүү, алдыдагы жылдарда курулуучу капиталдык курулуштардын титулдук тизмесине кошуу боюнча сунуш берет.

Ал эми Булак-Башы орто мектебинин авариялык абалдагы эски имараты жабылып, окуучулар мектептин чоң корпусуна көчүрүлдү. Алдыда мектептин жаңы имаратын куруу сунушталат.

Белгилей кетсек буга чейин ММКда, социалдык тармактарда чагылдырылган Лейлек аймактык ооруканасынын Психонаркология бөлүмүнүн жана Булак-Башы орто мектебинин абалын, облус жетекчиси көзөмөлүнө алган.

Пикир

Оставить комментарий