• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Лейлек курчоого алынып турат деген маалымат жалган — Чек ара кызматы

Аймак 0

Бишкек, 01.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Баткендин Лейлек району курчоого алынып турат деген маалымат жалган. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматтык-аналитикалык бөлүмүнүн жетекчиси Мирзамир Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, Лейлекте Чек ара кызматынын тийиштүү күч жана каражаттары бар.

“Алар өз кызматтарын аткарып жатат. Бирок Лейлекти Баткен шаары менен байланыштырган жолдордо маал-маалы менен тоскоолдуктар болуп, жолду жабууга аракеттер болууда”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 163 адам жабыркап, 33 киши каза болду.

Кыргызстанда 1-2-май күндөрү улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий