• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Лейлек менен Баткенде катуу шамал катталды

Аймак 0

Бишкек, 25.12.17. /Кабар/. Лейлек менен Баткен райондорунун аймагында катуу шамал катталды,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-декабрда болжол менен саат 02:30 чамасында Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондордун аймактарында катуу шамал болгон. Учурда шамалдын ылдамдыгы такталууда.

“Натыйжада Лейлек районунун Сумбула айыл аймагына караштуу Көкташ айылындагы Бабасаттаркулов атындагы орто мектебинин спорт залынын чатырынан 5 даана шифер, очокканасынын жана көмүрканасынын чатырларына жабылган темир тунукеси жараксыз абалга келген. Баткен районунун Дара айыл аймагына караштуу Кайыңды айылында 3 үйдүн 35 даана шифер жараксыз абалга келген.
Азыркы убакта Жарандык коргонуу комиссиясы иликтөө тактоо иштери жүргүзүүдө”,-деп айтылат маалыматта.

ӨКМден кошумча маалымат бериле тургандыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий