• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Лейлек райондук милициясына жаңы көчмө кабылдама унаасы тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 13-апрелде Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнө жаңы милициянын көчмө кабылдамасы тапшырылды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облустук ички иштер башкармалыгында ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин элчиси Алексей Рогов, ЕККУнун кеңсенин консультанты, отставкадагы милициянын полковниги Шамшыбек Мамыров, ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана милициянын көчмө кабылдама унааларынын ишин координациялоо бөлүмүнүн начальниги Таалай Алижанов жана КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаковтордун катышуусунда милициянын көчмө кабылдамасы тапшырылды.

“Газ 211717” Соболь үлгүсүндөгү милициянын көчмө кабылдамасы Лейлек РИИБне берилип, район аймагынан алыста жашаган жергиликтүү тургундардын көйгөйүн чечүүгө чоң жардам болот.

Мындан сырткары, милиция кызматкерлери үчүн байланыш каражаттарын, оргтехникаларды тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий