• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Лейлек райондук ички иштер бөлүмүндө жылдын мыктылары аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 12.01.22. /Кабар/. Лейлек райондук ички иштер бөлүмүндө жылдын мыктылары аныкталды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен ОИИБнын жетекчилигинин катышуусунда Лейлек РИИБнин өздүк курамына жыл жыйынтыгын чыгарган жыйналыш болуп, 2021-жыл ичинде милиция кызматкерлеринин аткарган иштери кеңири талкууланды.

Коомдук тартипти сактоодо, катталган кылмыштардын бетин ачуууда, кылмыштуулуктун алдын алууда өткөрүлгөн иш-мерчемдер өз убагында аткарылып, жыйынтыктар чыгарылды.

Коомдук тартипти камсыздоодо кызматында жетишкен ийгиликтери бааланып, өз кесибин мыкты аткаргандыгы үчүн участкалык милиция кызматкери милициянын лейтенанты Н.Махкамов, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам өкүлү милициянын капитаны Ж.Кайымов, криминалдык милиция кызматынын ыкчам өкүлү милициянын майору Э.Баабеков жана тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын лейтенанты А.Ташполотовдор аныкталып, сыйлыктардын ээси болду.

Ошондой эле жыйындын соңунда Лейлек милициясы чогуу иштеген кесиптештери милициянын подполковниги Болотов Бактыбек, милициянын майору Маматкулов Аскарбек, милициянын капитаны Абдалиев Замирбек жана милициянын улук лейтенанты Саламов Жеңишбектерди ардактуу эс алууга узатышты.

Лейлек РИИБнин башчысы Болот Кундузов майрам ээлерине ИИОдо өтөгөн кызматы үчүн ыраазычылык айтып, сый белектерди тапшырды. Чогуу иштеген кызматкерлери бекем ден соолук каалашып, ардактуу эс алууда сый-урматтын үстүндө болуусун тилешти.

Пикир

Оставить комментарий