• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Лейлек району менен Тажикстандын Гафуров районунун башчылары жолукту

Аймак 0

Бишкек, 18.05.2021. /Кабар/. Бүгүн, 18-майда, Баткен облусунун Лейлек районунун акими Алмаз Рахманкулов баштаган райондун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Гафуров районунун төрагасы Зафарбек Давлатзода баштаган жетекчилер менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу кыргыз-тажик чек арасында болуп өттү.

Район башчылары 29-30-апрелде болуп өткөн куралдуу жанжалдан улам пайда болгон бир катар көйгөйлөрдү чечүү үчүн,эки тарап тең кыска аралыкта тактоо жумуштарын аяктоо менен, жакынкы аралыкта маселелерди чечүү аракеттеринин жыйынтыгы боюнча байланышууну макулдашышты.

Ошондой эле тийиштүү жетекчилер, чек аралаш аймактарды биргелешип кайтаруу үчүн, чек арачылардын патрулун коюуну сүйлөшүштү.

Белгилей кетсек бул жолугушуу, кечээ Баткен жана Согди облустарынын башчылары Абдикарим Алимбаев менен Раджоббой Ахмадзода нын жолугушуусунун алкагында, чек аралаш аймактарда орун алган маселелерди кечиктирбей, ыкчам чечүү боюнча жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине койгон тапшырмаларынын негизинде болуп өттү.

Алдыда Баткен жана Исфара райондорунун акимдеринин да жолугушуусу күтүлүүдө .

Пикир

Оставить комментарий