• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Лейлек району төрт күн мурда болгон селден канча зыян тарткандыгы такталды

Аймак 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Баткен облусуна караштуу Лейлек району 2-майдагы селден 55 млн 296 миң сом зыян тартты, - деп билдирет өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, райондун жарандык коргонуу кызматынын ыкчам аракетинин натыйжасында, селдин кесепетин жоюу аракеттери көрүлүп, 3-май күнү унаа жолдорунда каттам калыбына келген.

Исфана шаарына таза суу, бардык айылдарга электр энергиясы берилип, айрым аймактарда сугат суу бурулган.

Өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, тилекке каршы, кечээ, 5-майда Лейлек районунда кайрадан сел жүргөн.

"Сел Маргун, Ак-Суу, Бешкент, Сумбула айыл аймактарынын жана Исфана шаарында буга чейин тазаланып жаткан жол, сугат канал, арыктарды, жолдорду кайрадан кум шагылга толтуруп, айдоо жерлерди зыянга учураткан. Учурда кайрадан калыбына келтирүү жумуштары башталып, чыгымдар эсептелүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий