• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Лейлек районунда дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери аяктады

Аймак 0

Бишкек, 28.08.20. /Кабар/. Лейлек районунун аймагында 2020-жылга кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, быйылкы жылы район боюнча жалпы 18 миң 782 гектар аянтка кылкандуу дан-эгиндери эгилген, бул өткөн жылга салыштырмалуу 628 гектарга көп.

Бүгүнкү күндө кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо кампаниясы аяктап, 16 миң 203 тонна буудай, 18 миң 845 тонна арпа дыйкандардын кампасына төгүлдү. 2019-жылга салыштырмалуу буудай 1 миң 118 тоннага, арпа 1 миң 969 тоннага көп жыйналды.

Пикир

Оставить комментарий