• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Лейлек районунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу иштери жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 05.03.21. /Кабар/. Лейлек райондук Ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү менен биргеликте айыл тургундарынын арасында зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында үзгүлтүксүз иш-чараларды өткөрүшүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үй-бүлөлүк зомбулуктун жагдайларын аныктоо максатында милициянын участкалык кызматкерлери жергиликтүү айыл башчылары менен бирге чыр-чатактуу үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашып, тыгыз иш алып барышууда.

Мындан сырткары, ар бир айыл аймактарды кыдырган милициянын көчмө кабылдамасы да жергиликтүү тургундардын калк арасындагы укук бузуу фактыларынын алдын алуу, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка жол бербөө максатында элеттиктер менен кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 2 ай аралыгында Лейлек районунун аймагында үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 8 факт катталып, коргоо ордерлери берилген.

Пикир

Оставить комментарий