• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Лейлек районунда каза болгон аскер кызматкери жерге берилди

Аймак 0

Бишкек, 10.07.1. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районундагы Бешкент айылында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын каза болгон аскер кызматкери Хуснидин Хожиев жерге берилди. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, тажияга УКМК Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, Лейлек чек ара отрядынын начальниги жана жеке курам катышты.

Мындан тышкары, каза болгон сержанттын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлгөнү маалымдалды. Каза болгон аскердин артында аялы жана баласы калды.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 8-июлунда саат 17:00 чамасында КР УКМК Чек ара кызматынын атчан чек ара кезмети Баткен облусунун Лейлек районунун Наумина ашуусуна жакын жерде кызматын өтөп жаткан, аталган багыттан Чашмагильдан ашуусуна карай кетип бара жатышканда Тажикстандын чек арачылары тарабынан күтүүсүздөн кол салууга кабылышкан. Натыйжада кыргызстандык аскер курман болду.

Алдын ала маалыматка караганда, Тажикстан тараптан да каза болгондор жана жараат алгандар бар.

Сүрөт: Азаттык Кыргыз Үналгысыныкы

Пикир

Оставить комментарий