• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Лейлек районунда кыргыз-тажик биргелешкен кайгуулдары жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 26.08.21. /Кабар/. Баткендин Лейлек районунда кыргыз-тажик биргелешкен кайгуулдары жүрүп жатат. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Баткен облустук милициясынын начальниги Мурат Боронов менен Тажикстандын Согди облустук милициясынын начальниги Абдулло Навджувонов менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагы менен Тажикстандын Гафуров району менен чектешкен аймактарда кайгуул жүргүзө баштады.

“Башкача айтканда, эки мамлекетти бөлүп турган Худжанд-Канибадам автожолунун 7 чакырымына чейинки аралыкта милиция кызматкерлеринен түзүлгөн кайгуулдар 24-августтан баштап жүрө баштады”, - деп айтылат маалыматта.

Эки элдин коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле чагымчыл аракеттерге жол бербөө, кылмыштуулукту болтурбоо максатында уюшулган кайгуулдар эки маршрутта чыгып, эртең мененки саат 9:00 – 18:00гө чейинки аралыкта иш алып барышат.

Лейлек районунун Арка-2, Борбордук айылдары Тажикстандын Согди облусунун Гафуров районунун Хистоварс айылы менен чектешет.

Пикир

Оставить комментарий