• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Лейлек районунда кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча иштер жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 14.06.18. /Кабар/. Лейлек районунда кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Лейлек районундагы сел жүргөн аймактарда жалпысынан 16 турак үй, 1 бала бакчанын короолору, 25 турак үйдүн жер тилкелери сел сууларынан тазаланып, 17,5 чакырым ички чарбалык жолдор, 2,4 чакырым ички чарбалык арыктар калыбына келтирилди. Ошондой эле 200 метр суу түтүкчөсү, 3 даана ички чарбалык көпүрө, 4 даана электр мамычалары оңдолду.

Эске сала кетсек, Баткен облусунун Лейлек районунда 2018-жылдын 9-10-11-июнь күндөрү катуу жааган жамгырдын кесепетинен Лейлек, Катраң, Сумбула, Тогуз-Булак, Бешкент жана Маргун айыл аймактарында сел жүргөн.

Пикир

Оставить комментарий