Лейлек районунда санитардык-карантиндик посттор коюлуп, элдин коопсуздугу камсыздалууда

Аймак 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Лейлек районунда санитардык-карантиндик посттор коюлуп, жергиликтүү жашоочулардын коопсуздугу камсыздалууда. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган аймакта коронавирус илдетин жайылтпоо максатында медицина, милиция, өзгөчө кырдаалдар кызматтары жергиликтүү бийлик менен биргелешип иш алып барууда.

"Өзгөчө кырдаал режими кирген күндөн тартып район аймагында жарандардын эркин жүрүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилген. Ал эми район аймагындагы айылдарда да ички карантиндик посттор коюлуп, тиешелүү көзөмөл жүрүп жатат. Анда милициянын участкалык инспекторлору менен биргеликте ыктыярдуу жарандар кезектешип нөөмөт уюштурууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий