• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Лейлек районунда сел калдыктарын тазалоо иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 14.07.20. /Кабар/. Лейлек районунда сел калдыктарын тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, Баткен облусунун Лейлек районунда 12-июлда саат 15:00 чамасында жааган жамгырдан улам сел жүргөн.

Исфана шаарында 3 турак үйдүн ичине, 3 турак үйдүн жер төлөөсүнө, короолоруна сел суулары кирген. Раухана тилкесинде 38 бодо малды агызып, Чимген, Мурза-Патча жана Бешбала айылдарында каналдардын жээктерин сел суулары жууп кеткен. Таза суу менен камсыз кылган таза суу түтүкчөлөрүнүн башкы суу бөлүштүргүчүнө сел суулары кирген. Чымген айылында жолго орнотулган 6 даана түтүкчөнү жана Катраң айыл аймагынын Баул айылында №499 темир бетон мамычасы, №517, 518 жыгач мамычалары жана Голбо айылындагы №22,26,29,30,31,32 жыгач мамычаларын сел суулары агызган. Мындан сырткары, 200 метр таза суу түтүктөрүн сел суулары бузуп, ички чарбалык унаа жолду сел суулары каптаган. Тогуз-Булак айыл аймагынын Тогуз-Булак айылында каналдын жээктерин жана Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 338-чакырымындагы көпүрөнүн сел тосмолорун сел суулары жууп агызып кеткен.

Тазалоо иштерине КР ӨКМнин Баткен облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ, Исфана шаардык мэриясы тарабынан 4 даана экскаватор, РЭТнан 2 бригада тартылган.

13-июль күнү тартылган күчтөрдүн аракетинде ички чарбалык унаа жолдорду жана таза суу түтүкчөлөрүн калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлгөн. Мындан сырткары, селдин кесепетинен жабыркаган электр мамычалары калыбына келтирилип, турак жайларга электр жарыгы берилген. Бүгүн, 14-июль күнү иш-чаралар улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий