• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Лейлек районунда тилемчилик кылып жүргөн 11 өспүрүм аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 18.08.22. /Кабар/. Лейлек РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери “Тилемчилик” рейдин өткөрүштү.

Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, рейддин алкагында өз алдынча көзөмөлсүз жүргөн, базарларда, коомдук жайларда тилемчилик кылган балдарды аныктоо максатында бир топ иштер аткарылды.

Жыйынтыгында 11 бала аныкталып, алардын ата-энелери, мыйзамдуу өкүлдөрүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилген.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Укук бузуу кодексинин негизинде бир ата-энеге протокол толтурулуп, айып салынды.

Пикир

Оставить комментарий