• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Лейлек районунда "өзгөчө кырдаал" тартиби алынды

Аймак 0

Бишкек, 14.06.18. /Кабар/. Лейлек районунда "өзгөчө кырдаал" тартиби алынды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 9-11-июнь күндөрү катуу жааган жамгырдын кесепетинен Баткен облусунун Лейлек районунун Лейлек, Катраң, Сумбула, Тогуз-Булак, Бешкент жана Маргун айыл аймактарында сел жүргөн. Анын кесепетинен турак үйлөрдү, жер тилкелерди, ички чарбалык унаа жолдорду, арыктарды, суу түтүктөрүн каптап, электр энергиясы үзгүлтүкө учураган. 10-июнда акимдин №2/105 буйругунун негизинде аймака "өзгөчө кырдаал" тартиби киргизилген.

"Селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүп, абал турукташкандыгына байланыштуу "өзгөчө кырдаал" тартиби алынды. Учурда селдин кесепеттерин толук жоюу иштери жүрүп жатат",-деп кабарлашты ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий