• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Лейлек районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Аймак 0

Бишкек, 03.05.20. /Кабар/. Кечээ, 2-майда болгон селдин кесепетинен улам Лейлек районунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов Лейлек районунунда селден улам түзүлгөн кырдаал менен жеринде таанышып, сел кесепеттерин жоюу, калыбына келтирүү боюнча чукул жыйын өткөрдү.

"Өкүл жыйында жарандык коргонуу кызматтарына тез арада жолдорду, турак үйлөрдү, инфраструктураны калыбына келтирүү, селден жабыркагандарга зарыл болгон жардамдарды көрсөтүү, чыгымдарды тактоо боюнча тапшырмаларды берди.Азыркы уч урда кырсыктын келтирген зыяндарын тактоо, жолдорду тазалоо иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кечээ, 2-майда мөндүр аралаш катуу жаандын натыйжасында Лейлек районунун Исфана шаарында, Тогуз-Булак, Сумбула айыл аймактарында катуу сел жүрүп, 10 турак үйгө,16 турак үйдүн короолоруна сел суусу кирген.

Табигый кырсыктан адам өмүрүнө зыян келген эмес.

Абал өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун жеке көзөмөлүндө. Жеринде министрдин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топ иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий