• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Лейлектин акими кызматтан четтетилип, Исфана шаарынын мэрине катуу сөгүш берилди

Президент 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы — Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Рахманкулов Алмазбек Рахманкулович 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими ээлеген кызматынан четтетилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акиминин милдеттерин убактылуу аткаруу Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын — акимдин биринчи орун басары Ташбалтаев Абдирашит Каримовичке жүктөлдү.

Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Алтынбек Эргешев Баткен облусундагы мамлекеттик органдардын жетекчилери менен кеңешме өткөрүп, анда Алмазбек Рахманкуловду четтетүү жөнүндө чечим окулду.

Мындан сырткары, Исфана шаарынын мэри Чыңгызбек Рысовго катуу сөгүш берүү тапшырмасы берилди.

Эске салсак, 23-октябрда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун маалымат жыйынында акимдердин бирөөсүнүн Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин пайдасына үгүттөөгө катышкандыгы тууралуу маалымат айтылган.

Пикир

Оставить комментарий