• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Лейлек районунун Максат айылында 84 үй-бүлөгө жаңы үйлөр пайдаланууга берилди

Президент 0

Бишкек, 27.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-августта, Баткен облусуна иш сапарынын алкагында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде үстүбүздөгү жылдын апрель айында болгон окуяларда жабыр тарткан Лейлек районунун Максат айылындагы 84 үй-бүлөгө бериле турган жаңы үйлөрдү көрүп чыкты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Буга чейин, үстүбүздөгү жылдын 6-майында, Мамлекет башчысы Баткен облусунан кабар алган учурда бир да жергиликтүү тургун жардамсыз жана зарыл колдоосуз калбай турганын билдирген.

Президент Садыр Жапаров чогулган элдин алдында сүйлөп жатып аларды Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.

Ал өз сөзүндө белгилегендей, эгемендүү өлкөгө, көз карандысыз мамлекетке ээ болуу кандай гана эл болбосун улуу бакыт! Мекендин эгемендиги бул – мамлекеттин тынчтыгы, аймактык бүтүндүгү. Баткен облусундагы чек арада акыркы жолу болуп өткөн каргашалуу окуяда Кыргызстан эли биримдиктин үлгүсүн дагы бир ирет даана көрсөттү. Кыргызстанда гана эмес, дүйнөнүн булуң-бурчунан мекендештерибиз жүрөгү менен жардамга колун сунушту.

«Элибиз менен биргеликте оор жоготуулардын ордун толтурууга аракет жасадык. Каргашалуу окуяда 36 эр-азаматыбыз шейит кетти, жүздөн ашык жарандарыбыз жараат алды. Бул кыргыз эли үчүн, биз үчүн оор жоготуу болду. Алардын жакындарына дагы бир ирет терең кайгыруу менен көңүл айтам. Мекен үчүн жан берген атуулдарыбыздын үй-бүлөсүнө аз да болсо жардам көрсөтүүнү колго алып отурабыз. Жабыркаган үйлөрдүн ордуна заманбап шарттары менен үйлөр курулду. Айылдардагы бир топ чечилбей турган социалдык маселелер четтен чечилип жатат. Таза суу, жол, ФАП, мектеп, бала бакча жана башка элеттиктер үчүн эң керектүү делген шарттардын түзүлүшүн камсыз кылууга аракет көрүп жатабыз», - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент жаңы үйлөр кут алып келген, ынтымактын үйү болуп, аларда кыргыз эли үчүн, кыргыз мамлекети үчүн ак кызмат кылган патриот уул-кыздар тарбияланып чыксын деген тилегин билдирди.

Өз сөзүндө Садыр Жапаров кыргыз мамлекети кыйын күн кечирип жатканда эбегейсиз жардам көрсөткөн боордош түрк элине жана Түркия мамлекетинин жетекчилигине жалпы кыргыз элинин жана жеке өзүнүн атынан ыраазычылык билдирди.

«Кыргыз эли бул жылдар ичинде кылымга тете окуяларды, сыноолорду башынан өткөрдү. Ошончо азапка чыдаган, сыноолорду жеңген, айкөл жана намыскөй элиме, анын ичинде сиздерге миң мертебе алкыш айтам, таазим этем. Өлкөбүз тынчтыкта жана экономикасы өнүккөн мамлекет болсун. Бул үчүн биргелешип аракет кылалы. Биз тынчтыкты сүйгөн өлкөбүз. Муну дүйнө жүзү билет», - деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров Баткен районунда бүтө элек 40ка жакын үйдүн курулушу сентябрдын орто ченинде бүтүрүлүп, райондун тургундары бүгүнкү Максат айылында болгондой жаңы үйлөрүнө киришерин билдирди.

Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундарга кайрылып, эми коркпой жашай берүүгө болорун айтты. Учурда кыргыз армиясында өлкөнү коргоо жөндөмүн жогорулатуу боюнча реформа жүрүп жатат. Мамлекет өз жарандарынын коопсуздугун толук кайтарууга алат.

«Биз тынчтыкта жашашыбыз керек. Согуш эч кимге жакшылык алып келбейт. Биз аны жакшы билебиз. Кошуна мамлекеттер да жакшы билет. Түбөлүк кошунабыз. Алар да, биз да башка жакка көчүп кете албайбыз. Ошондуктан ынтымакта, биримдикте кошуналык мамиледе жашашыбыз керек», - деп белгиледи президент Садыр Жапаров.

Ал окуялардан жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн жаңы үйлөрүнө зарыл болгон эмеректерди сатып алууга да жардам көрсөтүлөрүн кошумчалады.

Мамлекет башчысы менен жолугушууга Лейлек жана Баткен райондорунун жергиликтүү тургундары жана чек ара окуяларында жабыр тарткан 140 үй-бүлө катышты.

Пикир

Оставить комментарий