• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Лейлек районунун жергиликтүү кеңешинин төрагасына кол салуу болду

Кырсык 0

Бишкек, 06.11.18. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районунун жегиликтүү кеңешинин “Б.К.” аттуу төрагасына кол салуу болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине облустун ИИБнин басма сөз кызматынын кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кол салуу өткөн түнү болгон. Белгисиз адамдар төраганы үйүнөн аркасына атышкан. Жабыркаган адамдын абалы орто.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, окуянын чоо-жайы такталууда.

Пикир

Оставить комментарий