• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Лейлек: Сооронбай Жээнбеков президенттикке татыктуу!

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 26.09.17 /Кабар/. КР Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо ɵнɵктүгүнүн алкагындагы эл менен жолугушуусу уланууда. Баткендин Лейлек районунун жашоочулары менен жолугушууда талапкер ɵзүнүн программа, платформасы менен тааныштырып, аткарчу иш-пландары туурасында айтып берди. Жолугушууга катышкан жарандар, эмне себептен Сооронбай Жээнбековду колдоого алууга керектигин айтышт:

Гүлнара ТОЙГОНБАЕВА, КР Эмгек сиңирген артисти:

- Мен Сооронбай Жээнбековду аябай маданияттуу, ички дүйнɵсү кенен, кɵп жылдардан бери мамлекеттик башкаруу системасынын жетекчилик кызматтарын аркалап, дайыма элди ойлогон, элдин кызыкчылыгын баарынан жогору койгон мамлекетчил инсан катары билем. Анын талапкерлегин ɵзүм да колдоп, эл менен жолугушууларга катышып, ырдап, элди добуш берүүгɵ үндɵп жүрɵм.

Карим ТАШБАЛТАЕВ, Лейлек районунун тургуну:

- Учурда чоң окуянын башында турабыз. Алдыдагы президенттик шайлоо мамлекетибиздин мындан аркы ɵсүп-ɵнүгүүсүнɵ түздɵн түз таасирин тийгизчү ири ɵнɵктүк. Президенттикке татыктуулар ɵз талапкериктерин коюшту, эл аралап, жолугушууларды ɵткɵрүп жүрүшɵт. Эми кыргыз эли бул талапкерлердин ичинен ɵз кɵмɵчүнɵ күл тартпаган, элди ойлогон, уурдабаган, жебеген, адилеттүү башкарчу адамды шайлап алышыбыз керек. Менин терең ишенимимде, ал талапкер – Сооронбай Жээнбеков. Бул киши ток, ыймандуу, элдин ырыскысына кол салбаган, жаман иштерге аралашпаган саясатчы жана мамлекеттик ишмер. Президенттикке бардык жагынан татыктуу адам. Кыргыз эли ушул кишиге ɵз добуштарын берип, ɵлкɵ башчысы кылып шайлап алышса ɵкүнүшпɵйт деп ойлойм.

Жусубали ИСАЕВ, экс-депутат:

- Президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда кɵптɵгɵн алгылыктуу, жакшы иштер жасалды. Баткен облусун эле алсак, канчалаган чакырым жолдор салынып, оңдолду. Эми анын кызматтык мɵɵнɵтү аяктап баратат. Кыргыз эли ушул иштер улансын, аягына чыгарылсын, ɵлкɵдɵ стабилдүүлүк болсун десе, анда ыйманы таза, адамгерчилиги жогору, Кудайдан корккон, колунан иш келген Сооронбай Шарипович Жээнбековду шайлап алышы керек.

Инашат АБДАЛИЕВА, мугалим:

- Буга чейин мен Сооронбай Жээнбековдун программасы менен толук таанышып чыккам. Программа эң мыкты түзүлгɵн. Алдыга максат, багыттар эң туура коюлган. Максаттар ишке ашырылса, бул эң чоң ийгилик болот деп эсептейм.

Сооронбай Шариповичтин тазалыгы, жɵнɵкɵйлүгү, жеке кызыкчылыктан мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коё билген ак, адал эмгегин биз, лейлектиктер ɵзгɵчɵ баалайбыз. Ошондуктан алдыдагы шайлоодо Лейлектин эли, анын ичинде биз, жаштар бир кишидей колдоого алып, добушубузду беребиз деп турабыз. Башкаларды да Сооронбай Жээнбековго добуш берүүгɵ чакырам.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 26.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий