• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Лейлек жана Өзгөн райондорунда турак үйдөн өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 18.09.20. /Кабар/. Лейлек жана Өзгөн райондорунда турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 17-сентябрь күнү саат 15:19 чамасында Баткен облусундагы Лейлек районунун Ак-Суу айылында жыгач устундуу тунуке менен жабылган турак үйдүн 160 чарчы метр чатыры күйгөн.

Ошондой эле кечээ саат 14:43 чамасында Ош облусундагы Өзгөн районунун Жээренчи айылында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 99 чарчы метр чатыры жана 35 түк чөп күйгөн.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий