• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Лейлекке айланма жолдор менен 60 тонна гумжардам алып баратабыз — Ажикеев

Аймак 0

Бишкек, 01.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Баткендин Лейлек районуна айланма жолдор менен 60 тонна гуманитардык жардам алып баратабыз. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Анын айтымында, жүктөрдүн арасында азык-түлүк, дары-дармек, палатка, жууркан, төшөктөр бар.

“Кечээги күндөн баштап Төрт-Көчө жолу ачылгандыгына байланыштуу бүгүн 40 тоннага жакын жүктү даярдадык. Андан сырткары, Жалал-Абаддан 20 тонна гуманитардык жардам келди. Анын баарын топтоп туруп, Лейлек районунун Кулунду, Максат жана Арка айылына алып барабыз. Бирок, акыркы маалыматтар боюнча Төрт-Көчө жолу жабылды деп жатат. Биз айланма жолдор менен барганга аракет көрөбүз”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 163 адам жабыркап, алардын 33ү набыт болгон.

Кыргызстанда 1-2-май күндөрү улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий