• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Лейлекте адам өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. Лейлекте кылмыш изи сууй электе адам өмүрүн алган окуянын бети ачылды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 28-августунда саат 07:45 чамасында Лейлек райондук милициясына адам өлгөндүгү тууралуу кабар келген.

“Аталган жайга Лейлек РИИБнин жетекчилиги баш болуп тергөө тобу чыгып, Исфана шаарынын 28 жаштагы М.М. өз үйүндө уктап жаткан жеринен белгисиз адамдар тарабынан денесине бир нече жолу курч миздүү нерсе сайылып, каза болгондугу белгилүү болгон”,-деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Лейлек РИИБнин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 130-беренеси (“Адам өлтүрүү”) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Лейлек РИИБи тарабынан ыкчам тобу түзүлүп, изилдөө иштеринин негизинде кылмышка шектүүнүн кылмыштуу санаалашы Исфана шаарынын 21 жаштагы тургуну Ш.М.нын жашаган турак үйүнө тинтүү жүргүзгөндө мыйзамсыз сактап жүргөн 21 даана октору менен ТОЗ-8 үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу курал, бир даана атайын кесилип даярдалган 20 калибрдеги сайсыз ок атуучу курал, баштыкка оролгон баңгизат, атайын бет кап жана атайын каражаттар жашырып койгон жеринен табылып алынды.

Алынган маалыматка ылайык, Лейлек РИИБинин кызматкерлеринин ыкчам иш-аракенин натыйжасында адам өлтүрүп, кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөн жеринен Сүлүктү шаарынын 27 жаштагы Т.Н. аттуу тургуну Исфана шаарынан кармалды.

Азыркы күндө Сүлүктү шаарынын 27 жаштагы Т.Н. жана Исфана шаарынын 21 жаштагы Ш.М. аттуу жарандары убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий