• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Лейлекте бала бакчанын кызматкери унаасы менен алты бөбөктү коюп кеткен. Бирөө оор абалда

Кырсык 0

Бишкек, 18.07.22. /Кабар/. Баткендин Лейлек районунда бала бакчанын кызматкери унаасы менен алты бөбөктү коюп кеткен. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-июлда саат 11:30дар чамасында Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу “Шумкар” балдар бакчасынын кызматкери 43 жаштагы А.А., аттуу аял өзүнүн менчик Hyundai Getz үлгүсүндөгү унаасын көлөкө жерге токтотоюн деген. Унаа көлөкө жерде ойноп жаткан бала бакчанын алты тарбиялануучусун коюп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен эки жаштагы беш жана беш жаштагы бир бала денесинен жараат алып, Кулуңду айылдык ооруканасына жеткирилген. Жабыркаган жаш балдардын бирөө оор абалда.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренсинин (“Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу”) 2-бөлүгү (“Этиятсыздыктан ден соолугуна оор залал келтирген”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө тийиштүү экспертизалар дайындалып, А.А.нын айдоочулук күбөлүгү жок экендиги аныкталып, унаасы айып төлөөчү короого киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий