• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Лейлекте балдар билим борборунун курулушу аяктады

Аймак 0

БИШКЕК, 15.08.17 /Кабар/. Мындан эки ай мурда курулушу башталган Исфанадагы “Ак-Чыйыр” балдардын билим борбору 1-сентябрга пайдаланууга берилет. Учурда билим борбордун имаратынын курулушу 90%га аяктады. Бул тууралуу Баткен облустук өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Курулуштун жүрүшүнөн КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев кабар алды. Өкүл курулуш компаниясынын өкүлдөрүнө курулуштун сапатына өзгөчө маани берип, өз мөөнөтүндө курулушту бүткөрүүнү тапшырды.

Абиш Халмурзаев өз сөзүндө “жашоо шарты оордугунан буга чейин мектепке барууга мүмкүнчүлүгү жетишпеген балдарга, жаңы окуу жылында кубаныч тартуулап, алар үчүн курулуп жаткан билим борборун 1-сентябрга ачуунун толук аракетин көрүшүбүз керектигин белгиледи.

Төрт корпустан турган бул билим уясы 315 окуучуга ылайыкташтырылып, жатакана, ашкана, спорт аянтчасы менен заманбап шартта курулууда.

Кувейт мамлекети тарабынан каржыланып, “Ассафа борбору” Коомдук бирикмеси тарабынан курулуп жаткан бул билим борборунда, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана ата энесинен ажыраган облустун аймагынан келген балдар акысыз билим алып, тамак аш, кийим кече менен камсыз болушат.

Белгилей кетсек, бул жерде балдар орус, англис, араб тилдерин да үйрөнүп, компьютердик технологиянын жардамы менен заманбап билим алуусуна шарт түзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий