• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Лейлекте балдардын заманбап билим борбору ачылып, 173 бала кабыл алынды

Аймак 0

Бишкек, 29.09.17 /Кабар/. Баткен облусунун Исфана шаарында үстүбүздөгү жылдын май айында курулушу башталган “Ак-Чыйыр” балдардын билим борбору пайдаланууга берилди. 11-сентябрда өз ишин баштаган билим борборуна 173 бала кабыл алынып, тарбияланууда. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Балдардын билим борборунун салтанатуу ачылуу аземине КРнын Президентинин кеңешчилери Икрамжан Илмиянов,Абдышүкүр ажы Нарматов,КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттароважана атайын Кувейт Мамлекетинен билим борборун куруп берген өкүлдөр келип катышты.

Төрт корпустан турган бул билим уясы 315 окуучуга ылайыкташтырылып, жатакана, ашкана, спорт аянтчасы менен заманбап шартта курулуп бүткөрүлдү.

Курулуш Кувейт мамлекети тарабынан каржыланып, “Ассафа борбору” Коомдук бирикмеси тарабынан курулду. Билим борборунда, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана ата энесинен ажыраган облустун аймагынан жана Ош облусунан келген балдар акысыз билим алып, тамак аш, кийим кече менен камсыз болууда.Жатак мектептеги балдардын билим алуусуна кеткен чыгымды жана мугалимдердин эмгек маянасын Кувейт мамлекети каржылоодо.

Белгилей кетсек, бул жерде балдар орус, англис, араб тилдерин да үйрөнүп, компьютердик технологиянын жардамы менен заман талабына ылайык билим алуусуна шарт түзүлгөн. Балдар, кыздар үчүн атайын өзүнчө жатаканада мыкты шарттар каралып, балдарга төрт маал ысык тамак жана бир маал жеңил тамак берилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий