• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткен жана Согди облусунун башчылары жолугушту. Жетишилген макулдашуулар

Аймак 0

Бишкек, 03.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзода жолугушту.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу 2-февралда Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасында өткөн. Жолугушууга ошондой эле эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, район акимдери, КР УКМК Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев жана ТР Чек ара кызматынын жетекчиси Раджабали Рахмонали да катышты.

Тараптар чек арадагы кырдаалды талкууга алып, андан соң үч маселе боюнча макулдашышты.

- Чек ара аймактарында пайда болгон көйгөйлүү маселелерди сүйлөшүүлөр менен гана чечүү;

- 2023-жыл ичинде тынчтыкты сактоо багытында биргелешкен иш-чараларды өткөрүү;

- эки облуста тең чек арага жакын жашаган жашоочулардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жөнүндө сүйлөшүлдү.

Пикир

Оставить комментарий