• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Лейлекте биринчи жолу жүрөккө операция жасалды – сүрөт

Ден соолук 0

Бишкек, 21.01.19. /Кабар/. Кыргызстандын эң алыскы аймагы болгон Лейлек районунда биринчи жолу жүрөккө операция жасалды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, операция өкүлчүлүктүн демилгеси жана кайрылуусу менен Корея кайрымдуулук “Милал” жүрөк фондунун колдоосу астында Баткенде жасалды. Операция ийгиликтүү өткөн, учурда бейтаптын абалы жакшы экендигин кабарланды.

Маалым болгондой жүрөгүнө операция жасалган аял тубаса жүрөк кемтиги менен жабыркап келген.

"Операцияны Бишкек шаарынан келген 12 дарыгерден турган кардиохирургдардын бригадасы жасашты. Алар кардиология илимдеринин доктору, кардиохирург Жамалбек Ашымов баштаган Кыргызстандын кардиохирургия жана трансплантация илимий изилдөө институтунун дарыгерлери. Алыскы аймактагы алгачкы операциянын жүрүшүнөн КРнын Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев да кабар алды", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, апрель айында бир катар тубаса жүрөк кемтиги менен ооруган жаш балдарга акысыз операция жасалат деп күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий