• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Лейлекте Тажикстанга тиричилик техникаларын аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Аймак 0


Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 17-декабрда Лейлекте чек арачылары чек арадан мыйзамсыз жүк алып өтүүнү токтотушту, деп билдирди УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Лейлек районунун Сай аймагынан КР УКМКнын чек ара отрядынын кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын жараны 1996-жылы туулган Б.А.нын башкаруусундагы Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Чек арачылар автоунааны текшерүү учурунда тиешелүү документтери жок төмөндөгүдөй чарбалык буюмдар табылган: 54 куту меш, 120 чаң соргуч жана 200 куту.

Алдын ала маалыматтар боюнча, бул жүк андан ары Тажикстандын аймагына алып өтүүгө арналган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган айдоочу жана унаа териштирүү иштерин улантуу үчүн компоненттүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий