• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Лейлекте чек арага жакын айылдардын тургундарына малына сак болуу эскертилүүдө

Коом 0

Бишкек, 17.11.22. /Кабар/. Лейлек районунун милиция кызматкерлери чек арага чектеш айылдардагы жашоочуларга малдарына сак болууларын эскертишүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Тажикстанга жакын жайгашкан айылдын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

"Алар Арка-2 айылындагы базарга келишкен Жаштык, Достук жана Борбордук айылдарынын жашоочуларына коомдук коопсуздукту сактоо жана мал уурулукту алдын алуу, мал жандыктарын талаада кароосуз калтырбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, 75 эскертүү акт толтурулуп, мал ээлерине беришти", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле милиция кызматкерлери элдерге сервистик тейлөө көрсөтүп, ар тараптуу сунуш-кайрылууларга жеринде жооп берди. Кылмыштуулукту алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу үчүн мыйзамдар менен тааныштырышты.

Пикир

Оставить комментарий