• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Лейлекте катуу жаандан улам сел жүрүп, турак үйлөрдү суу каптады

Кырсык 0

Бишкек, 13.05.18. /Кабар/. Лейлек районунда катуу жаандан улам сел жүрдү,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-майда Баткен облусунун Лейлек районунда катуу жаап өткөн жаандын кесепетинен саат 17:15 чамасында Ак-Суу айыл аймагынын Шорбулак сел өтүүчү сайдан сел жүргөн.

“Селдин кесепетинен Чимген айылында 2 турак үйдүн жана Исфана шаарында 1 турак үйдүн жана Ак-Чайыр бала интернатынын жер төлөсүн суу каптаган”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда селдин кесепеттерин жоюу боюнча жеринде атайын техникалар жана куткаруучулар иштеп жатышат. Абал боюнча кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий