• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Лейлекте мал сарайдан өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 09.01.22. /Кабар/. Лейлекте мал сарайдан өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 9-январда саат 07:42де Баткен облусунун Лейлек районунун Эски-Оочу айылындагы мал сарай өрттөнгөндүгү боюнча кабарланган.

Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылган. Саат 08:17де өрт чектөөгө алынып, саат 10:20да толук өчүрүлдү. Өрттүн жалпы аянты 102 чарчы метрди түзөт.

Өрттүн кесепетинен 75 даана таңгакталган чөп, 3 баш уй, 1 баш эчки жана 6 баш кой күйгөн.

Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий